SerepTV Logo

"Ала-Тоо" аянтында милициянын заманбап бөлүмү ачылды (сүрөт)

"Ала-Тоо" аянтында милициянын заманбап бөлүмү ачылды (сүрөт)
Бүгүн, 18-июнь күнү "Ала-Тоо" аянтында милициянын заманбап бөлүмү ачылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Жогорудагы милициянын бөлүмү милиция кызматынын заманбап талаптарына ылайык жасалып, жаңы имаратка алмаштырылды. Анда шаардын жашоочулары менен конокторун кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, Кыргыз жарандарына өз убагында жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков милициянын бөлүмү бардык капиталдык ремонттон өткөрүлгөнүн, милиционерлердин иштөөсү жана жарандарды кабыл алуулары үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи. Андан сырткары, туристтик милициянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн демөөрчүлөрдүн эсебинен алынган 10 электробайк тапшырылган. Бул транспорттук каражаттар коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо милиция кызматкерлеринин ыкчам иштөөсүнө жардам берет. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="56758,56759,56760,56762"]