"Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк күнүн белгилөө учурунда 90 бала ата-энесинен адашып калган
31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө учурунда "Ала-Тоо" аянтында 90 бала ата-энесинен адашып калган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бардык балдар ата-энелерине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө кайтарылды. Бир жашы жете элек өспүрүм Ички иштер министрлигинин жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилген.