SerepTV Logo

Ала-Букада жол эрежелерине байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ала-Букада жол эрежелерине байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Ала-Бука районунун аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өспүрүмдөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. “РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жана ЖКККБ кызматкерлери өспүрүмдөргө практика түрүндө эрежелерди сактоону көрсөтүштү. Ар бир окуучуга мектепке барып келүүдө жол чийиндеринен өтүү зарылдыгы эскертилди. Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жаштарга терс көрүнүштөрдөн алыс болуу зарылдыгы жеткирилди”, - деп айтылат маалыматта. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="34781,34780,34779"]
edita