SerepTV Logo

"Ала-Арча" улуттук паркынан канча сом түштү?

"Ала-Арча" улуттук паркынан канча сом түштү?
"Ала-Арча" улуттук паркынын кирешеси ушул жылы 230 миллион сомду түздү. Эки жыл мурда, 2022-жылы анын жылдык кирешеси 51 миллион сом болгон. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынан кабарлашты. "Улуттук парктын аймагындагы "Ак-Бата", "Ала-Арча" мейманканалары, «Теплые Ключи» ден соолукту калыбына келтирүүчү борбору модернизацияланып, оңдоо-түзөө иштеринен өткөн. Андан сырткары A-Frame Glamping үйлөр курулуп, анын жанындагы "Ала-Арча" рестораны ишке кирген. Андан сырткары парктын аймагын жашылдандыруу максатында бак-дарак тигилип, паркка барчу жолго асфальт төшөлүп, жарыктандыруу жаңыланган", - деп айтылат билдирүүдө. Алдыда 2000 орундуу унаа токтотуучу жайдын курулушу, асма жолдун салынуусу жана тоонун экологиялык абалын коргоо максатында туристтерди ташуучу электр автомобиль системасын киргизүү пландаштырууда.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Ала-Арча Парк (@alaarchapark)