SerepTV Logo

Ала-Арча суусуна чөгүп кетти делген 45 жаштагы киши аман-эсен табылды

Ала-Арча суусуна чөгүп кетти делген 45 жаштагы киши аман-эсен табылды
Кечээ, 23-июнда ӨКМге Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычына 1976-жылы туулган киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында, аталган жаран суунун аркы жээгинен аман-эсен табылган.