Акыркы суткада өлкөдө коронавирустан 5 бейтап көз жумду
8-февралга карата коронавирус жуктурган 42 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 32, Чүй облусунда – 4, Нарында — 1, Ош шаарында — 2, Таласта — 1 жана Жалал-Абадда— 2 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде 5 киши илдеттен каза болду, өлүм Бишкек шаарында, Чүй облусунда жана Ош облусунда катталды.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 85 миң 113 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 431 адам өмүрү менен кош айтышты.