Акыркы суткада өлкөдө 98 адамдан коронавирус аныкталды
18-мартка карата коронавирус жуктурган 98 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 49, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда – 36, Нарында -2, Ош облусунда - 4, Ысык-Көлдө — 6 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде илдеттен каза болгондор катталган жок.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 87 миң 143 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 485 адам өмүрү менен кош айтышты.