SerepTV Logo

Акыркы суткада өлкөдө 97 адамдан коронавирус аныкталса, 1 бейтап көз жумду

Акыркы суткада өлкөдө 97 адамдан коронавирус аныкталса, 1 бейтап көз жумду
26-январга карата коронавирус жуктурган 97 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти. Анын ичинде Бишкек шаарында – 42, Чүйдө – 40, Ысык-Көлдө – 6, Таласта – 2, Нарында – 2, Жалал-Абадда – 2, Баткенде — 1 жана Ош шаарында – 2 бейтап бар. Соңку сутканын ичинде 1 киши илдеттен каза болду, өлүм Бишкек шаарында катталды. 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 84 миң 68 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 402 адам өмүрү менен кош айтышты.
edita