Акыркы суткада өлкөдө 96 адамдан коронавирус аныкталса, 2 бейтап көз жумду
19-мартка карата коронавирус жуктурган 96 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 43, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда – 35, Ош облусунда — 3, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көлдө — 8, Жалал-Абад облусунда - 2 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде илдеттен 2 бейтап көз жумду. Адам өлүмү Бишкек шаарында катталды.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 87 миң 239 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 487 адам өмүрү менен кош айтышты.