SerepTV Logo

Акыркы суткада өлкөдө 83 адамдан коронавирус аныкталса, 3 бейтап көз жумду

Акыркы суткада өлкөдө 83 адамдан коронавирус аныкталса, 3 бейтап көз жумду
19-февралга карата коронавирус жуктурган 83 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти. Анын ичинде Бишкек шаарында – 22, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда — 4, Ысык-Көлдө – 10, Баткенде – 1, Жалал-Абадда — 1, Ош шаарында 3 бейтап бар. Соңку сутканын ичинде 3 киши илдеттен каза болду. Өлүм Бишкек шаарында катталды. 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 85 миң 772 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 450 адам өмүрү менен кош айтышты.
edita