Акыркы суткада өлкөдө 82 адамдан коронавирус аныкталса, 3 бейтап көз жумду
10-февралга карата коронавирус жуктурган 82 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 32, Чүй облусунда – 32, Нарында — 2, Ош облусунда — 1, Ысык-Көлдө — 12, Жалал-Абад облусунда - 1, Баткенде - 2 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде 3 киши илдеттен каза болду, өлүм Бишкек шаарында катталды.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 85 миң 253 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 436 адам өмүрү менен кош айтышты.