Акыркы суткада өлкөдө 75 адамдан коронавирус аныкталса, 1 бейтап көз жумду
11-февралга карата коронавирус жуктурган 75 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 32, Чүй облусунда – 17, Нарында — 2, Ош облусунда — 4, Ысык-Көлдө — 11, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткенде — 2, Ош шаарында - 1 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде 1 киши илдеттен каза болду, өлүм Ош облусунда катталды.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 85 миң 328 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 437 адам өмүрү менен кош айтышты.