Акыркы суткада өлкөдө 74 адамдан коронавирус аныкталса, 1 бейтап көз жумду
29-январга карата коронавирус жуктурган 74 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 53, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда - 5, Таласта - 1, Нарында – 1, Жалал-Абадда – 2 жана Ош шаарында - 1 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде 1 киши илдеттен каза болду, өлүм Ысык-Көл облусунда катталды.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 84 миң 377 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 409 адам өмүрү менен кош айтышты.