Акыркы суткада өлкөдө 73 адамдан коронавирус аныкталды
22-мартка карата коронавирус жуктурган 73 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 58, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда — 2, Ысык-Көлдө — 7, Жалал-Абадда - 5 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде илдеттен каза болгондор катталган жок.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 87 миң 462 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 490 адам өмүрү менен кош айтышты.