SerepTV Logo

Акыркы суткада өлкөдө 70 адамдан коронавирус аныкталса, 3 бейтап көз жумду

Акыркы суткада өлкөдө 70 адамдан коронавирус аныкталса, 3 бейтап көз жумду
4-февралга карата коронавирус жуктурган 70 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти. Анын ичинде Бишкек шаарында – 22, Чүй облусунда – 25, Нарында -1, Ош облусунда — 4, Ош шаарында - 1, Таласта - 1, Ысык-Көлдө — 15 жана Жалал-Абадда— 1 бейтап бар. Соңку сутканын ичинде 3 киши илдеттен каза болду, өлүм Бишкек шаарында катталды. 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 84 миң 832 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 418 адам өмүрү менен кош айтышты.
edita