SerepTV Logo

Акыркы суткада өлкөдө 63 адамдан коронавирус аныкталды

Акыркы суткада өлкөдө 63 адамдан коронавирус аныкталды
13-мартка карата коронавирус жуктурган 63 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти. Анын ичинде Бишкек шаарында – 26, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда – 20, Ош облусунда - 2, Нарында — 4, Ысык-Көлдө — 7, Жалал-Абадда — 1 бейтап бар. Соңку сутканын ичинде илдеттен каза болгондор катталган жок. 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 86 миң 818 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 480 адам өмүрү менен кош айтышты.
edita