SerepTV Logo

Акыркы суткада өлкөдө 59 адамдан коронавирус аныкталды

Акыркы суткада өлкөдө 59 адамдан коронавирус аныкталды
1-февралга карата коронавирус жуктурган 59 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти. Анын ичинде Бишкек шаарында – 26, Чүйдө – 19, Ош облусунда — 2, Ысык-Көлдө — 4, Нарында – 4, Жалал-Абадда – 1, Баткенде 2 жана Таласта - 1 бейтап бар. Соңку сутканын ичинде илдеттен каза болгондор катталган жок. 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 84 миң 588 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 412 адам өмүрү менен кош айтышты.
edita