SerepTV Logo

Акыркы суткада өлкөдө 58 адамдан коронавирус аныкталса, 2 бейтап көз жумду

Акыркы суткада өлкөдө 58 адамдан коронавирус аныкталса, 2 бейтап көз жумду
9-февралга карата коронавирус жуктурган 58 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти. Анын ичинде Бишкек шаарында – 23, Чүй облусунда – 23, Нарында — 5, Ош облусунда — 2, Ош шаарында — 1, Таласта — 1, Ысык-Көлдө — 3 бейтап бар. Соңку сутканын ичинде 2 киши илдеттен каза болду, өлүм Бишкек шаарында катталды. 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 85 миң 171 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 433 адам өмүрү менен кош айтышты.
edita