Акыркы суткада өлкөдө 58 адамдан коронавирус аныкталса, 2 бейтап көз жумду
2-февралга карата коронавирус жуктурган 58 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 18, Чүй облусунда – 24, Ысык-Көлдө - 11, Таласта - 1, Нарында - 2, Жалал-Абадда - 1 жана Баткенде - 1 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде 2 киши илдеттен каза болду, өлүм Бишкек шаарында катталды.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 84 миң 646 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 414 адам өмүрү менен кош айтышты.