SerepTV Logo

Акыркы суткада өлкөдө 57 адамдан коронавирус аныкталса, 1 адам каза болду

Акыркы суткада өлкөдө 57 адамдан коронавирус аныкталса, 1 адам каза болду
2-мартка карата коронавирус жуктурган 57 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти. Анын ичинде Бишкек шаарында – 24, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда - 1, Нарында — 2, Таласта — 1, Ысык-Көлдө — 6, Жалал-Абадда — 1 бейтап бар. Соңку сутканын ичинде илдеттен 1 адам каза болду. Адам өлүмү Бишкек шаарында катталды. 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 86 миң 308 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 467 адам өмүрү менен кош айтышты.
edita