SerepTV Logo

Акыркы суткада өлкөдө 55 адамдан коронавирус аныкталса, 2 бейтап көз жумду

Акыркы суткада өлкөдө 55 адамдан коронавирус аныкталса, 2 бейтап көз жумду
17-февралга карата коронавирус жуктурган 55 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти. Анын ичинде Бишкек шаарында – 14, Чүй облусунда – 20, Ош облусунда — 3, Таласта – 2, Нарында – 4, Ысык-Көлдө – 9, Баткенде – 1, Ош шаарында - 2 бейтап бар. Соңку сутканын ичинде 2 киши илдеттен каза болду. Өлүм Бишкек шаарында катталды. 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 85 миң 619 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 446 адам өмүрү менен кош айтышты.
edita