Акыркы суткада өлкөдө 51 адамдан коронавирус аныкталды
26-февралга карата коронавирус жуктурган 51 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 10, Чүй облусунда – 22, Ош шаарында — 6, Нарында — 2, Баткенде — 1, Таласта — 1, Ысык-Көлдө - 9 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде илдеттен каза болгондор катталган жок.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 86 миң 142 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 463 адам өмүрү менен кош айтышты.