Акыркы суткада өлкөдө 48 адамдан коронавирус аныкталса, 2 бейтап көз жумду
16-февралга карата коронавирус жуктурган 48 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 17, Чүй облусунда – 12, Ош облусунда — 2, Таласта – 3, Нарында – 2, Ысык-Көлдө – 10, Жалал-Абадда – 2 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде 2 киши илдеттен каза болду. Өлүм Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталды.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 85 миң 564 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 444 адам өмүрү менен кош айтышты.