SerepTV Logo

Акыркы суткада өлкөдө 48 адамдан коронавирус аныкталса, 1 адам каза болду

Акыркы суткада өлкөдө 48 адамдан коронавирус аныкталса, 1 адам каза болду
3-мартка карата коронавирус жуктурган 48 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти. Анын ичинде Бишкек шаарында – 19, Чүй облусунда – 13, Ош облусунда — 6, Нарында — 1, Ысык-Көлдө — 6, Жалал-Абадда — 2, Баткенде - 1 бейтап бар. Соңку сутканын ичинде илдеттен 1 адам каза болду. Адам өлүмү Бишкек шаарында катталды. 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 86 миң 356 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 468 адам өмүрү менен кош айтышты.
edita