SerepTV Logo

Акыркы суткада өлкөдө 44 адамдан коронавирус аныкталса, 1 адам каза болду

Акыркы суткада өлкөдө 44 адамдан коронавирус аныкталса, 1 адам каза болду
28-февралга карата коронавирус жуктурган 44 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти. Анын ичинде Бишкек шаарында – 16, Чүй облусунда – 10, Ош шаарында — 5, Ош облусунда - 5, Нарында — 2, Таласта — 1, Ысык-Көлдө — 5 бейтап бар. Соңку сутканын ичинде илдеттен 1 адам каза болду. Адам өлүмү Бишкек шаарында катталды. 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 86 миң 229 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 464 адам өмүрү менен кош айтышты.
edita