Акыркы суткада өлкөдө 44 адамдан коронавирус аныкталды
22-февралга карата коронавирус жуктурган 44 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 25, Чүй облусунда – 9, Ош шаарында — 3, Талас облусунда — 2, Ысык-Көлдө – 2, Жалал-Абадда – 2, Нарында - 1 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде оорудан каза болгондор катталган жок.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 85 миң 929 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 458 адам өмүрү менен кош айтышты.