SerepTV Logo

Акыркы суткада өлкөдө 41 адамдан коронавирус аныкталса, 2 адам каза болду

Акыркы суткада өлкөдө 41 адамдан коронавирус аныкталса, 2 адам каза болду
5-мартка карата коронавирус жуктурган 41 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти. Анын ичинде Бишкек шаарында – 17, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 9, Нарында — 2, Ысык-Көлдө — 7, Жалал-Абадда — 3, Баткенде — 2 бейтап бар. Соңку сутканын ичинде илдеттен 2 адам каза болду. Адам өлүмү Бишкек шаарында катталды. 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 86 миң 451 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 470 адам өмүрү менен кош айтышты.
edita