Акыркы суткада өлкөдө 222 адамдан коронавирус аныкталса, 4 бейтап көз жумду
8-апрелге карата коронавирус жуктурган 222 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 183, Ош шаарында — 4, Чүй облусунда – 24, Нарында — 2, Ысык-Көлдө — 4, Жалал-Абад — 4, Баткен облусунда - 1 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде илдеттен 4 бейтап көз жумду. Адам өлүмү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталды.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 89 миң 660 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 516 адам өмүрү менен кош айтышты.