1-мартка карата коронавирус жуктурган 22 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда – 4, Нарында — 2, Таласта — 1, Ысык-Көлдө — 4, Жалал-Абадда - 2 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде илдеттен 2 адам каза болду. Адам өлүмү Бишкек шаарында катталды.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 86 миң 251 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 466 адам өмүрү менен кош айтышты.
Акыркы суткада өлкөдө 22 адамдан коронавирус аныкталса, 2 адам каза болду