4-апрелге карата коронавирус жуктурган 172 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 124, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда – 33, Ысык-Көлдө — 10, Жалал-Абадда — 1, Таласта - 1, Ош облусунда - 1 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде илдеттен 4 бейтап көз жумду. Адам өлүмү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталды.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 89 миң 14 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 506 адам өмүрү менен кош айтышты.
Акыркы суткада өлкөдө 172 адамдан коронавирус аныкталса, 4 бейтап көз жумду