SerepTV Logo

Акыркы суткада өлкөдө 161 адамдан коронавирус аныкталса, 3 бейтап көз жумду

Акыркы суткада өлкөдө 161 адамдан коронавирус аныкталса, 3 бейтап көз жумду
7-апрелге карата коронавирус жуктурган 161 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти. Анын ичинде Бишкек шаарында – 97,  Ош шаарында — 6, Чүйдө – 46, Нарында — 1, Таласта — 3, Ысык-Көлдө — 7, Жалал-Абадда — 1 бейтап бар. Соңку сутканын ичинде илдеттен 3 бейтап көз жумду. Адам өлүмү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталды. 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 89 миң 438 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 512 адам өмүрү менен кош айтышты.
edita