Акыркы суткада COVID-19 илдети 23 адамдан аныкталды
Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 илдетине 23 адам кабылганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкекте 16, Ысык-Көл облусунда 5, Чүй менен Жалал-Абад облустарында 1ден учур катталды.
Сутка ичинде 31 адам илдеттен айыгып чыкты:
- Бишкек – 20;
- Чүй облусу – 8;
- Ош облусу – 1;
- Нарын облусу – 2.
Бишкек шаарында 2 адам оорудан каза тапты.
Учурда стационарда 330 адам дарыланууда, алардын ичинен:
- 1 адам (0,3%) - канааттандыраарлык абалда;
- 233 (70,6%) - орто оордукта;
- 82 (24,8%) - оор абалда;
- 14 (4,2%) - өтө оор абалда.