SerepTV Logo

Акыркы суткада 996 адамдан коронавирус аныкталып, 13 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 996 адамдан коронавирус аныкталып, 13 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 996 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  603, Ошто — 9, Чүйдө — 126, Ош облусунда — 26, Таласта — 12, Нарында — 14, Ысык-Көлдө — 56, Жалал-Абадда — 92, Баткенде — 58 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 160 миң 85 адамга жетти. Соңку суткада 13 киши оорудан каза болду. Бишкекте сегиз, Чүйдө үч, Жалал-Абадда бир, Баткенде бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 288 адамды түздү.