SerepTV Logo

Акыркы суткада 98 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 98 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 98 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 38, Чүйдө — 36, Ысык-Көлдө — 13, Жалал-Абадда — 7, Баткенде — 1, Нарында — 1, Таласта - 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 181 миң 425 адамга жетти. Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 674 адамды түздү.