SerepTV Logo

Акыркы суткада 97 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 97 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 97 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 47, Ошто - 3, Чүйдө — 22, Таласта — 2, Ысык-Көлдө — 11, Нарында — 3, Жалал-Абадда — 3, Баткенде — 4 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 176 миң 779 адамга жетти. Соңку суткада 4 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 561 адамды түздү.