Акыркы суткада 969 адамдан коронавирус аныкталып, 14 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 969 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 611, Ошто — 6, Чүйдө — 86, Ош облусунда — 22 Таласта — 18, Нарында — 20, Ысык-Көлдө — 59, Жалал-Абадда —88, Баткенде — 59 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 159 миң 89 адамга жетти.
Соңку суткада 14 киши оорудан каза болду. Бишкекте сегиз, Чүйдө үч, Ысык-Көлдө эки, Нарында бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 275 адамды түздү.