SerepTV Logo

Акыркы суткада 95 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 95 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 95 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 57, Ошто — 2, Чүйдө — 23, Ысык-Көлдө — 8, Нарында — 1, Жалал-Абадда — 4 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 177 миң 484 адамга жетти. Соңку суткада 3 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 581 адамды түздү.