SerepTV Logo

Акыркы суткада 95 адамдан коронавирус аныкталды. Апрель айынан бери биринчи жолу адам өлүмү катталган жок

Акыркы суткада 95 адамдан коронавирус аныкталды. Апрель айынан бери биринчи жолу адам өлүмү катталган жок
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 95 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 44, Ошто — 2, Чүйдө — 20, Ош облусунда — 2, Ысык-Көлдө — 12, Нарында — 4, Жалал-Абадда — 4, Таласта — 4,  Баткенде — 3 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 178 миң 36 адамга жетти. Соңку суткада оорудан каза болгондор катталган жок. Мындай көрсөткүч соңку ирет 5 жарым ай мурда болгон. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 595 адамды түздү.