SerepTV Logo

Акыркы суткада 93 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 93 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 93 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 51, Чүйдө — 21, Ошто - 1, Ысык-Көлдө — 9, Таласта — 4, Жалал-Абад — 6, Баткенде - 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 179 миң 429 адамга жетти. Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 622 адамды түздү.