SerepTV Logo

Акыркы суткада 875 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 875 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 875 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкек – 395, Ош – 55, Чүй облусу – 128, Ош облусу – 109, Талас облусу – 12, Нарын облусу – 10, Ысык-Көл облусу – 27, Жалал-Абад облусу – 90, Баткен облусу – 49 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 118 миң 106 адамга жетти. Соңку суткада 6 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун бешөө Бишкек шаарында, бирөө Чүй облусунда катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 964 адамды түздү.
Unknown Author