SerepTV Logo

Акыркы суткада 870 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 870 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 870 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  470, Ошто — 113, Чүйдө — 100, Ош облусунда — 74, Таласта —7, Ысык-Көлдө — 20, Жалал-Абадда — 76, Нарында - 10 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 114 миң 300 адамга жетти. Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун үчөө Бишкек шаарында, бирөө Ош облусунда, бирөө Жалал-Абадда катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 952 адамды түздү.