SerepTV Logo

Акыркы суткада 83 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 83 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 83 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 31, Ош облусунда — 4, Чүйдө — 17, Ысык-Көлдө — 12, Нарында — 6, Жалал-Абадда — 8, Баткенде - 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 177 миң 567 адамга жетти. Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 583 адамды түздү.