SerepTV Logo

Акыркы суткада 822 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 822 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 822 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкек – 300, Ош – 70, Чүй облусу – 207, Ош облусу – 93, Талас облусу – 9, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 20, Жалал-Абад облусу – 80, Баткен облусу – 42 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 118 миң 106 адамга жетти. Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун үчөө Бишкек шаарында, бирөө Чүй облусунда, бирөө Ошто катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 958 адамды түздү.
Unknown Author