SerepTV Logo

Акыркы суткада 81 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 81 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 81 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 32, Ошто - 2, Чүйдө — 17, Таласта — 2, Ысык-Көлдө — 10, Нарында — 3, Жалал-Абадда — 10, Баткенде — 3 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 177 миң 389 адамга жетти. Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 578 адамды түздү.