Акыркы суткада 797 адамдан коронавирус аныкталып, 10 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 797 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 445, Ошто — 3, Чүйдө — 123, Ош облусунда — 13, Таласта — 20, Нарында — 16, Ысык-Көлдө — 51, Жалал-Абадда — 70, Баткенде — 56 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 165 миң 540 адамга жетти.
Соңку суткада 19 киши оорудан каза болду. Бишкекте беш, Чүйдө эки, Ошто бир, Таласта бир, Баткенде бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 354 адамды түздү.