SerepTV Logo

Акыркы суткада 74 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 74 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 74 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 47, Ошто - 1, Чүйдө — 2, Ош облусунда - 6, Ысык-Көлдө — 8, Нарында - 4, Жалал-Абадда - 1, Баткенде — 5 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 182 миң 341 адамга жетти. Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 704 адамды түздү.