Акыркы суткада 72 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 72 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 37, Ошто - 1, Чүйдө — 6, Ош облусунда - 1, Ысык-Көлдө — 14, Нарында — 2, Жалал-Абадда — 4, Таласта — 4, Баткенде - 3 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 177 миң 941 адамга жетти.
Соңку суткада 3 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 595 адамды түздү.