Акыркы суткада 70 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 70 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 27, Чүйдө — 16, Ошто — 5, Ысык-Көлдө — 10, Жалал-Абадда — 5, Баткенде — 8 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 183 миң 140 адамга жетти.
Соңку суткада 3 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 737 адамды түздү.