SerepTV Logo

Акыркы суткада 69 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 69 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 69 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 32, Чүйдө — 21, Ысык-Көлдө —9,  Жалал-Абадда — 6, Таласта — 1, кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 178 миң 852 адамга жетти. Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 610 адамды түздү.