SerepTV Logo

Акыркы суткада 68 адамдан коронавирус аныкталып, 2 адам көз жумду. Статистика

Акыркы суткада 68 адамдан коронавирус аныкталып, 2 адам көз жумду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 68 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 29, Ошто - 1, Чүй — 15, Ош облусунда — 6, Нарында - 1, Ысык-Көлдө — 6, Баткенде — 3, Жалал-Абадда — 6 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 183 миң 931 адамга жетти. Соңку суткада 2 адам көз жумду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 768 адамды түздү.